Бишкек: Дем алыш жана майрамдарда унаа токтотуучу жайлар бекер болот

Бишкек: Дем алыш жана майрамдарда унаа токтотуучу жайлар бекер болот

Бишкек мэриясы майрам жана дем алыш күндөрү муниципалдык унаа токтотуучу жайлар бекер болорун билдирди. Иш күндөрү, саат 8:00дөн 20:00гө чейин муниципалдык унаа токтотуучу жайларда унаа токтотуу баасы 25 сомду түзөт.

Ошол эле учурда мэрия жарандарды жана борбордун конокторун унаа токтотуучу жай үчүн мыйзамсыз акча алып жүргөндөрдөн сак болууга чакырды. Мэрия мындай учурларды билдирүүнү суранды.

«Биздин операторлор «Бишкек унаа токтотуучу жайлары жана туруктары» ишкананын логотиби түшүрүлгөн атайын жилет кийип, жанында атайын төш белгилери бар, алар төлөмдү тастыктаган мөөрү бар талонду бериши керек. Урматтуу шаардыктар! Эгерде унаа токтоочу жайлар атайын жилеттер менен жабдылбаган болсо жана төлөм талону берилбесе, анда Чүй пр., 315 (8 -кабат) дарегине кайрылып, видео жана фото фактыларды  же арыздарды  жөнөтүңүздөр, ошондой эле кайрылуулар  социалдык тармактар аркылуу кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>