Мугалим ажатканага жибербей койгон окуучу шымына коё берди

Мугалим ажатканага жибербей койгон окуучу шымына коё берди

Бишкектеги мектептердин биринде мугалим сабак учурунда баланы дааратканага жибербей койгон. Окуучу шымына коё берүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

«Апасы мектептин администрациясына арыз менен кайрылган. Азыр мугалим балага, демек энеге кысым көрсөтүп жатат. Баланы мектептен алып кетүүнү талап кылышууда»,  — деп жазган Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына.

Фонддун жетекчиси Reporter.kg’ге комментарий берип жатып, баланын апасы жалгыз үй-бүлөнү багып, баласын башка мектепке которууга чамасы жетпей турганын кошумчалады. Анын талабы боюнча окуу жайдын номери көрсөтүлгөн эмес. Бирок аталган аял фонддун колдоосу менен борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын башчысына кат жүзүндө арыз менен кайрылган. Кырдаал жөнгө салынып жатат.

Назгүл Турдубекова мектеп окуучуларынын ата-энелеринен балдардын укуктарынын бузулушуна же мугалимдердин же мектеп жетекчилигинин жол берилгис аракеттерине туш болсо, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» КФсына кайрылууну өтүнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>