Төрөттөн кийин 25 жаштагы келин каза тапты

Төрөттөн кийин 25 жаштагы келин каза тапты

25 жаштагы Эсенбек кызы Айканыш төрөттөн кийин каза тапты. Бул туурасында Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башчысы Гүлбара Кенжебаева  Reporter.kg′ге билдирди.

Анын айтуусунда, 10-октябрда Кара-Суу райондук төрөт үйүндө төрөгөн. 2 суткадан кийин үйүнө чыгарылган. 5 күндөн кийин Ош облустук төрөт үйүнө дене табы көтөрүлүп, кан кетип алсырап келген. 15-октябрь күнү дарыгерлер консилиуму “түтүктөр менен жалпы гистерэктомия жасоо” чечимин кабыл алган. Анын канында рак клетакалары табылган. Тагыраак айтканда, ак кан  (острый лейкоз)  илдетинен каза болгон.

Ошондой эле маркум сентябрь айында Орусиядан келген. Гинекологияда каттоодо турганы менен  бир гана жолу көрүнгөнүн кошумчалады. Ал келин үчүнчү баласын жарык дүйнөгө алып келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>