Баткен: Тажиктер Көк-Таш айылына көпүрө курбай калды (ВИДЕО)

Баткен: Тажиктер Көк-Таш айылына көпүрө курбай калды (ВИДЕО)

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын Ак-Суу суусуна тажиктер көпүрө курабыз деп жаткан. Бул маалыматты Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн басма-сөз жыйынында тастыктады.

“Кечээ жакында тажик тарап көпүрө курабыз деп, цемент, шагылдарын төгө баштаганда токтотуп калдык. Качан гана делимитация-демаркация маселеси бүтүп, чек аралар такталмайын көпүрө салбагыла, силер да салбагыла, биз да салбайбыз деп алады кетирип жибердик” – деди Президент.

Буга чейин социалдык тармактарда көпүрө куруу үчүн курулуш материалдарын алып келип жатканы маалымдалган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>