Данияр Үсөнов менен Бакиевдин жээни Белорусиядан акча чыгарып кеткен деп шектелүүдө

Данияр Үсөнов менен Бакиевдин жээни Белорусиядан акча чыгарып кеткен деп шектелүүдө

Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясынын жетекчиси Даниил Урицкий (КРнын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов) өлкөдөн акча чыгарып жатат деп шектелүүдө. Бул тууралуу оппозициялык Беларустун The Bulba телеграм — каналында маалымдалды.

Корпорация келерки аптада жаңы заводду ачары кабарланууда.

«Расмий түрдө бул 2016-жылы Лукашенконун жарлыгы менен түзүлгөн, толук циклдеги жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн уюштуруу боюнча Беларус менен Кытайдын биргелешкен масштабдуу долбоору. Долбоордун баасы 733 миллион долларды түзөт.

Бирок 5 жылдан бери долбоор толук кубаттуулукта иштей элек, заводдордун көбү курула элек. 2019-жылы Коста Урада долбоору БНБКнын ишмердүүлүгүн изилдеп, корпорация түзүлгөн жана иштеп жаткан схема бюджеттик акчаны жеке бизнеске чыгарууга абдан окшош деген тыянакка келген», — деп жазат билдирүүнүн авторлору.

Телеграм — канал Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин Беларустан саясий башпаанек алган жээни Асылбек Салиев Шотландиянын оффшордук корпорациясынын негизги кожоюну экенин эскертет.

«Биотехнологиялык корпорациянын директорунун айланасында кызыктуу кырдаал түзүлдү. Бул кызматты кайсы бир Даниил Урицкий ээлейт, ал чынында Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов. 2010-жылы ал өлкөдөн Беларуска качып кеткен. Өз өлкөсүндө ал оор кылмыштар үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Кыргыз бийлиги Минскиге бир нече жолу нааразылык нотасын жөнөтүп, Үсөнов-Урицкийди экстрадициялоону талап кылган, бирок бардык кайрылуулар жоопсуз калган.

Кошумчалай кетсек, корпорациянын расмий сайтында уюмдун директору катары Үсөнов-Урицкий тууралуу сөз жок. Лукашенко кыргыздарга сатылып кеткени билинип калды. Ал кыргыздын таштандысы үчүн алардын «крышасы» болууга макул болгон», — деп жазган иликтөөнүн авторлору.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>