Токтогулда 24 жаштагы бала өз жанын кыйды

Токтогулда 24 жаштагы бала өз жанын кыйды

2-ноябрда саат 16:00 чамасында Токтогул районунда 24 жаштагы С.С. өзүнүн жашаган үйүнүн короосундагы мал сарайга жипке муунуп каза болду. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда,  жергиликтүү милиция окуя болгон жерге барып, маркумдун денесин караганда денесинде шектүү криминалдык жаракаттары жана белгилери жок экендиги аныкталган.

Ошондой эле окуя болгон жерге кароо жүргүзүү мезгилинде С.С.тин жолдошу 1991-жылы туулган А.З.га таандык болгон уюлдук телефон алынып, ичине кароо жүргүзүлгөн. Анда  “Ватсап” тиркемеси аркылуу жазышууларында С.С.тин өлүмүнүн алдында чакмак тетрадынын барагына жазылган каты жөнөтүлгөн. Ал катта ушул нерсеге барышынын себеби катары жолдошу З.А. жана дагы Н. аттуу жеңесин күнөөлөп, алар аны кемсинтип келишкенин көрсөткөн.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>