БШК Өзгөн мэриясынын короосундагы штаб боюнча текшерет

БШК Өзгөн мэриясынын короосундагы штаб боюнча текшерет

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов Ыдырыс Исаковдун «Ютуб» каналында жарыяланган «Өзгөн мэриясынын короосунда талапкер Элмурза Сатыбалдиевдин штабы» жөнүндө маалымат текшерилерин “Азаттык” радиосуна билдирген.

«Ал видеону көрүп чыгалы. Бузуу болсо чара көрүлөт. Негизи талапкерлерге мамлекеттик имараттардын жанынан штаб ачпоого чакырганбыз», — деген Маматов.

Эркин журналист  Ыдырыс Исаковдун «Ютуб» каналында жарыяланган видеодо мэрия өкүлү мамлекеттик имараттын короосундагы кеңсе ижарага берилгенин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>