Site icon Reporter.kg

Кара-Кечеден Бишкекке көмүр ташыгандар канча чыгым кетирет? Адистен жооп

Кара-Кечеден Бишкекке көмүрдү ташыганына канча чыгым кетет? Бул суроого атын атагысы келбеген көмүр ташып иштеген жаран  Reporter.kg′ге  жооп берди.

Анын эсептөөсү боюнча, Бишкек-Кара –Кече жолунун узундугу 400 чакырымды түзөт. Бишкектен Кара-Кечеге барып келишине кеткен солярка орто эсеп менен 23 миң сомдон, 25 миң сомго чейин сарпталат.

“Ушул тапта 25 тонна көмүрдөн ашырбай салууда. Ошондо 25 тонна көмүрдү 3 миң сом менен сатканда 69 миң сом. Жеринен  тоннасын 1330 сомдон сатып ала турган болсоң, 25 тонна көмүр 33250 сомго аласың. 35750 сом калат. Эми буга күйүүчү май алышың керек. Хово үлгүсүндөгү унаанын барып келишин орто эсеп менен эсептегенде ушул тапта 25 миң сомго май куясың. 10750 сом калды. Ага тамак-аш, унааңдын ар кайсы тетиктеринин мүчүлүштүктөрүн оңдоого кетет.  25 тонна көмүр сатуудан 3-4 миң сом түшүп калат” – дейт.

Эгерде мамлекет 40 тонна жүктөгөнгө уруксаат берсе, киреше түшүрүүгө болот дейт айдоочу.

Exit mobile version