Site icon Reporter.kg

«Ошэлектр» электр жылыткычтарга мөөр басуу себебин айтты

Электр энергиясын көп талап кылуучу электр жылыткыч ж.б жабдууларын убактылуу пломба басуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында «Ошэлектр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана электр тармактардагы авариялык абалды алдын алуу үчүн «Ошэлектр» ААКсы Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында электр энергиясын пайдаланууга берилген техникалык шарттардын жана электр энергиясын пайдалануу эрежелерин аткарылуусун тынымсыз көзөмөлдөө максатында, рейддерди уюштурууда. Анда электр тогун берилген чектен ашыкча колдонгон бир нече учурлар аныкталып, чектен ашыкча колдонгон абоненттерге жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, электр энергиясын көп талап кылуучу электр жылыткыч ж.б жабдууларын убактылуу пломба басуу иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Кадамжайда айрым үйлөрдөгү электр жылыткычтарга атайын мөөр басып, колдонууга тыюу салган сүрөттөр коомчулуктун кыжырын кайнаткан.

Exit mobile version