«Локомотив» спорт комплексинде муз тебүү аянтча ачылды

«Локомотив» спорт комплексинде муз тебүү аянтча ачылды

Бүгүн, 22-ноябрында «Локомотив» спорттук ден соолукту чыңдоочу комплексинде муз аянтчасынын кыш мезгилине карата салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул туурасында  «Кыргыз темир жолу”  мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда балдар жана чоңдор үчүн көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана башка секциялар ачык. Муз үстүндө жалпы аянты 1122 кв.м. түзөт, бир эле учурда 150 адамды батыра алат, 850дөн ашык орундукту камтыйт.

Спорт комплексинин негизги милдети – темир жол кызматкерлеринин гана эмес, бардык каалоочу жарандардын эс алуусун уюштуруу жана сергек жашоого колдоо көрсөтүү саналат.

Дареги:Бишкек ш. Осмонова, 1 көч.

тел. 0312-92-74-00

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>