АКШ Казакстанды ЖККУдан колдоо сураганына түшүнбөй жатат

АКШ Казакстанды ЖККУдан колдоо сураганына түшүнбөй жатат

АКШ Казакстан ЖККУдан кандай максатта колдоо сурап жатканына түшүнбөй жатканын мындан ары жашыра албайт. Бул туурасында АКШнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Биринчи каналдагы «Время покажет» программасынын эфиринде билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтуусунда ЖККУнун лидерлеринин видеоконференциясынан кийин АКШ Казакстандагы кырдаалды түшүнбөгөндүгүн  мындан ары жашыра албайт. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жекшемби күнү Казакстандан бийлик эмне үчүн ЖККУдан жардам суроону чечкенин тактап берүүнү суранып жатканын билдирди.

«Менин оюмча (ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери – ред.) бардык болгон, же келип чыгышы мүмкүн болгон суроолорго жооп беришти… Мисалы, АКШнын мамлекеттик катчысы, же Акүйдүн өкүлү Казакстан ЖККУдан эмненин негизинде колдоо сураганына түшүнбөй жатканын айтып, таң калууда», — деди Захарова Биринчи каналдагы «Время покажет»  телеберүүсүндө.

Казакстан ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн “террордук чабуул болуп жатат”- деген негиз менен колдоо сураган. Анын ичинде Кыргызстан 150 аскерин Казакстандын стартегиялык объектилерин кайтарууга жөнөткөн болчу.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>