Икрамов: Бакыт Төрөбаевга беш колуңузду салып отуруп, какап каласыз

Икрамов: Бакыт Төрөбаевга беш колуңузду салып отуруп, какап каласыз

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Бакыт Төрөбаевга жыйындар залында спикер катары акыйкатсыз алып барып жатат деп сынга алды.

“Бакыт Эргешович, сиз акыйкатсыз алып барып жатасыз. Мен сизге ачык эле айтып коёюн- бул нерсени. Буга чейин да жең ичинде сүйлөшүү болуп, көп нерсени өзүңүздөр бекитип алып, азыр дагы ошол депутаттардын үнүн укпай, добушка коюп салып жатасыз. Өзүңүздүн туура эмес жакка кетип бара жатканыңызды көрсөтүп жатасыз. Мындай кетиш менен парламентте жакшы нук пайда болбойт. Сиз беш колуңузду салып отуруп, буга чейин да айткам, дагы айтып коёюн какап каласыз”— деди.

Ал эми Бакыт Төрөбаев бул сынга жооп кайтарды.

“Ар бир сынды кабыл алабыз. Бул жер парламент. Эч капачылык болбойт. Андан кийин какайбызбы, какабайбызбы, сиз билбейсиз.  Айта албайсыз” – деди.

Парламент Жогорку Кеңештин түзүмүн карап жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>