БШК мүчөсү Акыл Эшимов алдамчылык менен кармалды

БШК мүчөсү Акыл Эшимов алдамчылык менен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүүлөргө барып, 2020-жылдын июнь айында арыз менен кайрылган жарандан 2020-жылдын күз мезгилине пландаштырылган шайлоодо аталган партиянын депутаттыгына аны биринчи беш талапкердин бири катары тизмеге киргизүү үчүн 550 000 АКШ доллар өлчөмүндө акча алган.

Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өз милдеттенмелерин аткарбай, берилген акчанын 300 000 АКШ долларын жаран «А.Д.»га кайтарып беришип, калган 250 000 АКШ долларын өздөрүнө ыйгарып алуу менен  арыздануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

2021-жылдын 11-сентябрында  Акыл Эшимов БШКнын мүчөсү катары өзгөчө статусун эске алуу менен, ал Башкы прокурор тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланып, баш коргоо чарасын тандоо чечимин кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.

Ошол эле күнү кылмыштын оордугун жана келтирилген зыянды эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иши бүткүчө  Акыл Эшимов УКМК тергөө камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын кабыл алды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>