Улукбек Марипов эртең ачык сабак өтөт

Улукбек Марипов эртең ачык сабак өтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун бир мектебине барып 1-класстарга ачык сабак өтөт. Бул туурасында ал фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

“Урматтуу мекендештер, мына 15-сентябрь күнү мектептерде окуу башталганы турат. Албетте, бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жатканыңыздарга толугу менен ишенем. Биздин мекендешибиз Ахрор Иминов белгилеп өткөндөй, балдарыбыз үчүн биринчи окуу күнү эсинде кала турчу күн. Жаңы окуу жылы башталаар менен биринчи класттар үчүн “Дүйнө таануу” деген сабак башталат эмеспи. Баса, ушул күнү Чүй облусунун бир мектебине барып, балдарга сабак өткөнү жатам. Мен үчүн да балдар үчүн кызыктуу болот болушу керек” –деди.

Ошондой эле ал Министрлер кабинетинин төрага орун басары да мектепте балдар үчүн класстык саат өтөөрүн кошумчалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>