Site icon Reporter.kg

 Яндекс такси: Таксопарктар 3,7 млн. сом салык төккөн

2021-жылдын январь-август айларында “Яндекс Такси» жергиликтүү өнөктөш компаниясы тарабынан 3 млн. 727 миң сом резидент эместин кирешесине салык төлөшкөн. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай,  2018-жылы такси кызматы боюнча резидент эместин кирешесине салыктын түшүүсү 677,5 миң сомду, 2019-жылы – 687,8 миң сомду, 2020-жылы – 454,6 миң сомду түзгөн.

Салык кодексинин 223-беренесине ылайык, яндекс такси Кыргызстандагы жергиликтүү таксопарктар менен чогуу иштегени үчүн алар салык төгүп калат.  Башкача айтканда, «Яндекс такси» жергиликтүү өнөктөш компаниясы «Яндекс Такси» тиркемесин пайдалангандыгы үчүн тийиштүү салыктарды (резидент эместердин киреше салыгын) төлөөгө милдеттүү.

Мындан тышкары, такси кызматы ишкердикти жалпы негизде жана бирдиктүү салыктын негизинде жүргүзө алат.

Ошондой эле, «Яндекс Такси» тиркемесин колдонуу менен же ансыз жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү ар бир таксинин айдоочусу патенттин жана камсыздандыруу полисинин негизинде иштеши керектиги айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Яндекс такси, Гугл, Фейсбук тиркемелеринин салык төкпөй жатат деп нааразылыкка жол берген болчу. Ал эми таксопаркттар түшкөн каражаттын 30 пайызын алышат. Калган 70 пайызы толугу менен Яндекс тиркемесинде калат.

Exit mobile version