Сокулук: Тоону өрт чулгады

Сокулук: Тоону өрт чулгады

Сокулук районунун Бөрүлүү айылынын Узун-Кыр тоосунда болжол менен 100га кургак чөп күйдү. Бул тууралуу 19-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19 куткаруучу өрт өчүрүү иш чараларын улантууда. Андан сырткары жергиликтүү тургундардан 15 жаран өрт өчүрүүгө жардам берип жатат.

«Өрт кырсыгы толук көзөмөлгө алынган. Жайылуу жана башка чарбалык объекттерге өтүү коркунучу жок»,- деп айтылат ӨКМнын билдирүүсүндө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>