Кыргызстанда “Эта” вирусу катталдыбы? Жооп

Кыргызстанда “Эта” вирусу катталдыбы? Жооп

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда эч кандай коронавирустун жаңы «Эта» штаммы катталган эмес.  Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин бөлүм башчысы Алина Казиева Reporter.kg ′ге билдирди.

Анын айтымында,  бул илдетти жугузуп алган адамдын дене табы көтөрүлүп, жөтөл пайда болот, жыт жана даам сезүү жоголот. Ошондуктан бүгүнкү күндө инфекциядан коргоонун бирден-бир эффективдүү жолу- бул COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү.

«21 -сентябрга карата республика боюнча коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн 771 миң 525 адам вакцинанын биринчи дозасын алса,  572 миң 870 адам экинчи компоненти менен эмделген»,- дейт ал.

Ошондой эле ал эмдөө алууну каалаган жарандардын ыңгайлуулугу үчүн республика боюнча 900дөн ашык эмдөө пункттары ачылганын жана өлкөдө вакциналардын жетиштүү көлөмү бар экенин белгиледи. Андан сырткары короанвирустун жайылуу коркунучун азайтуу үчүн беткап тагуу, социалдык аралыкты сактоо, колдун гигиенасы жана жайларды желдетүү сыяктуу жөнөкөй профилактикалык чараларды колдонуу зарылдыгын баса билдирди.

Айта кетсек, бүгүн Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой коронавирус инфекциясынын «Эта» штаммы табылганын маалымдады. Бул штаммды кээде «нигериялык» деп да атап жүрүшөт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 15 -сентябрдагы маалыматы боюнча, «Эта штамм» дүйнөнүн 77 өлкөсүндө катталган. ДСУнун категориясына ылайык, ал «байкоону» талап кылган штаммдарга кирет. Клиникалык белгилери «альфа» («британиялык») жана бета («түштүк африкалык») штаммдары менен бирдей.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>