ИИМ: “Алфанын” кызматкери өзүнүн куралынан атылган эмес

ИИМ: “Алфанын” кызматкери өзүнүн куралынан атылган эмес

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын “Алфа” тобунун кызматкери Усенбек Ниязбеков өзүнүн ок атуучу куралынан атылды деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

7-август күнү Кой-Таш окуясындагы курал жарактардын бардыгына трассологиялык жана баллисстикалык экспертизалар дайындалды, жыйынтыгы чыга элек.

Ал эми маалымат каражаттарынан Ниязбековду атты деп айтылып жаткан адам кармалды. Анын адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген маалымат сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө текшерилүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, такталбаган маалыматты таратпоону өтүндү.

Кечээ бир катар басылмалар, Ниязбеков Кой-Ташка көтөрүп барган өзүнүн автоматынан атылганын, аны аткан адам 29 жаштагы Нарын облусунун тургуну экенин жазып чыгышкан.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>