ИИМ Нарматованы кармаганынын себебин айтты

ИИМ Нарматованы кармаганынын себебин айтты

Нарматова бийликти негизсиз сынга алганы үчүн кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.

ИИМ Нарматова «Мен макул эмесмин» жана «Менин укугум бар» коомдук кыймылынын лидери экенин, көп жылдан бери Москвада эмгек мигранты болуп иштеп жүргөнүн белгилеген. Ал Россиянын аймагында маал-маалы менен чогулуш жана конференцияларды өткөрүп жүргөнү айтылат.

«Аталган иш-чараларда Нарматова ар дайым өлкөнүн саясий жетекчилигинин дарегине негизсиз сындарды айтат. Муну менен мигранттардын жана Кыргызстандагы жарандардын бийликке нааразычылыгын күчөтүү максатын көздөгөн. Нарматованын билдирүүлөрү КР бийлигинин ишмердүүлүгүн дискредитациялап, негативдүү пикирлер жаралууда. Анын мындай иш-аракеттери регионалдык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык таштайт», — деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Чогултулган материалдардын негизинде Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу») менен сотко чейин териштирүү башталган.

«ИИМдин тергөө кызматынын тапшырмасы менен 10-сентябрда Нарматова Ош шаарындагы аэропорттон кармалды. Андан ары тергөө үчүн учурда аны ИИМдин тергөө кызматына (Бишкектеги) алып келүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Орозайым Нарматова 2020-жылкы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышып, алдыңкы ондукка кирген. Ал Ошко бир нече күн мурун агасынын зыйнатына келип, кайра Москвага кетип жатканда кармалганы айтылууда.

Нарматованы 10-бөлүм кармаган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>