ИИМ: Нигериялык жаранды өлтүрүүгө шектелген адам маркум менен тааныш болгон эмес

ИИМ: Нигериялык жаранды өлтүрүүгө шектелген адам маркум менен тааныш болгон эмес

Нигериялык жаран Али Абубакардын өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы жаран  аны менен мурда тааныш болгон эмес. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.

“Маркум менен шектүү түртүшө кетишкен соң, шектүү аны уруп жиберген. Сокуудан улам нигериялык жаран  жерге кара кушу менен тийген”, — деген Сеитов.

34 жаштагы Али Абубакар  2-июлда “Айчүрөк” соода борборунун алдында токмок жеп, оор абалда ооруканага түшкөн.  Ошондн бери ал өзүнө келбей жатып комада каза болгон. Аны урганга шектелип Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну кармаган.

Али Абубакар  Бишкектеги Cambridge School тил үйрөтүү борборун жетектеп келген.

Маркумдун жаназасы бүгүн 5-июнда саат 13:30да шаардагы мечиттердин биринде окулуп, сөөгү Бишкек шаарындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>