ИИМ Памирбек Асановдун кызматындагы жаш курагына байланышкан талаш боюнча түшүндүрмө берди

ИИМ Памирбек Асановдун кызматындагы жаш курагына байланышкан талаш боюнча түшүндүрмө берди

Ички иштер министринин орун басары Памирбек Асановдун кызматтык орунундагы жаш курагына байланышкан талаш боюнча министрлик түшүндүрмө берди.

Түшүндүрө кетсек, кызматка келгенине 3 ай боло элек Памирбек Асанов 16-октябрда 55 жашка чыккан. Буга байланыштуу factcheck.kg сайты “Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга таянып, жетекчилик орунда иштеген, полковник чини бар кызматкер 55 жашында кызматтан кетиши керек экенин жазган.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы азыркы мыйзамга ылайык туулган күнүндө жумуштан кетирүү деген так талап жок экенин билдирүүдө.

«Азыркы учурда жаш курагынын чегине жеткендиги боюнча кызматкерлерди кызматтан бошотуу, алардын берген билдирмесинин (рапорт) негизинде ишке ашат. Тактап айта турган маселе, 2020-жылдын 3-февралынан баштап күчүнө кире турган «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамдын  85-беренесинин 1-бөлүмүндө кызматкерлердин 55 жашка чыгышы боюнча отставкага кетирүүнүн нормалары каралган”, — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>