ИИМ: Түндө тик учак менен дары чачылууда деп маалымат таркаткандар изделүүдө

ИИМ: Түндө тик учак менен дары чачылууда деп маалымат таркаткандар изделүүдө

Тик учак менен белгисиз затты чачып жүрүшөт деп WhatsApp аркылуу аудиобилдирүү жазып, таркаткан адамдар изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

“Жалган маалыматты таркаткандар изделүүдө.  Алар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мыйзамды билбөө адамды кылмыш жоопкерчилигинен куткара албайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактарда түндөсү тик учактар менен белгисиз дары-дармектерди чачып, андан балдар ооруй тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр тарай баштаган.  Кийин тийиштүү органдар расмий билдирүү таратып, бул маалыматтар жалган экенин кабарлашкан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>