ИИМ тажик тараптын курал колдонгондугу жөнүндө далилдерди чогултат

ИИМ тажик тараптын курал колдонгондугу жөнүндө далилдерди чогултат

Учурда Кыргызстандын укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 2-майда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча медиа штабда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда көрсөтүлгөн тергөө маалыматтары боюнча, Баткен облусунда 162 жабырлануучу бар. Алардын 12си Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын кызматкерлери (алардын үчөө өлтүрүлгөн), 17си милиция кызматкерлери жана 134ү карапайым адамдар. 162 курмандыктын ичинен 152 адам октон жаракат алышкан. 34 адам ок атуучу куралдан алган жаракатынан улам көз жумган. Алардын 31и карапайым калктын өкүлдөрү, үчөө Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери.

Карапайым калктын ичинен 118 адам ок атуудан, 10 адам башка жаракаттарды алышкан.

Учурда ички иштер органдарынын тиешелүү күчтөрү Баткен облусуна жөнөтүлдү. Ал жерде жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу максатында, өткөрүү пункттары жана мобилдик күзөттөр уюштурулган.

Мындан тышкары, Баткен облусунда Бишкек, Ош шаарларынан, ошондой эле Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жөнөтүлгөн тергөө-ыкчам топтору иштеп жатат.

Учурда, ИИМдин орун басарынын айтымында, «адам өлтүрүү», «массалык башаламандык», «тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар», «бейбаштык», «чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

«Учурда Баткен облусунда абал тынч, келтирилген чыгымдарды тактоо иштери жүрүп жатат, тажик тарап курал колдонгондугу боюнча далилдер топтолуп, документтештирилип жатат», -деп билдирди Эркебек Аширходжаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>