ИИМ: Тогуз ай ичинде 529 адам жол кырсыгынан каза болду

ИИМ: Тогуз ай ичинде 529 адам жол кырсыгынан каза болду

Ушул жылдын 9 айына карата өлкө аймагы боюнча 4694 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Маалым болгондой, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга жогорулаган.

Тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 529 адам каза болуп, 7265 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Министрликтин маалыматына караганда, жол кырсыгынын көп катталышына автоунаалардын көбөйүшү себеп болууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 1 миллион 348 миң автоунаа бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>