“Илимдүүнү ийгилик издейт”. Китеп окуп батирге ээ болуңуз

“Илимдүүнү ийгилик издейт”. Китеп окуп батирге ээ болуңуз

“Илимдүүнү ийгилик издейт” аттуу китеп окуу конкурсуна катышып, батирге ээ болсоңуз болот. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, китеп окуу сынагы Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Ислам университети тарабынан уюштурулуп жатат. Конкурс “Ыйман Бутактары”, “Өчпөс Өмүр” жана “Бакыт Ордосу” китептеринин негизинде өткөрүлмөкчү.

Ал эми баш байгени жеңгенге эки бөлмөлүү батир берилип, калган байгелүү орундарга акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.

“Илимдүүнү ийгилик издейт” аттуу китеп окуу конкурсу ушул жылдын 27-ноябрь күнү өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталат. Конкурска катышууну каалагандар 20-ноябрга чейин каттоодон өтүүсү зарыл.

Кененирээк маалымат алуу үчүн 0551 808 989 же 0779 808 989 номерлерине кайрылсаңыздар болот.

Сынакка катышууну каалаган окурман бир гана китепти тандай алат жана алдын ала жогорудагы номерге билдирүүсү зарыл экени айтылат.

Билдирүүгө таянсак, ушул жылдын 13-мартында “Билимдүугө дүйнө жарык” жана “Окуган муун жаркын келечек” аттуу Республикалык деңгээлде китеп окуу сынагы болуп, анда баш байгени жеңүүчүсүнө бир бөлмөлүү батир берилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>