Site icon Reporter.kg

Индияда төрт буттуу, үч колдуу наристе төрөлдү

Индиянын Раджастан штатында төрт буттуу, үч колдуу наристе төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик The Mirror басылмасы жазды.

Наристе индиялык мамлекеттик төрөтканада жарык дүйнөгө келген. Баланын энеси 24 жашта. Ал кыз менен чогу ден соолугу жакшы эркек бала төрөгөн. Дарыгерлер алгач үч эгиз төрөлөрүн күтүшкөн, бирок эки түйүлдүк биригип калган. Дарыгерлердин белгилешинче, аял кош бойлуу учурунда бир дагы жолу УЗИ аркылуу текшерүүдөн өткөн эмес, ошол себептен түйүлдүк боюнча көйгөйдү билген эмес. Наристенин кошумча буттары жана колу көкүрөк жагында жайгашкан. Аларды операция жолу менен алуу пландалууда.

Жаңы төрөлгөн кыздын дем алуусунда дагы көйгөй болуп, ага кислород менен дем алдыруу кошулган, кийинчерээк кыздын бардык органдары бир калыпка келди.

2018-жылы дагы Индиянын Чхаттисграх штатында ушундай окуя болгон. Анда дагы үч колдуу наристе төрөлгөн. Анын ашыкча колу табигый колунун өлчөмүнөн кичирээк болгон. Ашыкча колу оң жагында жайгашкан.

Exit mobile version