Интернетте чынчыл жана сак болууга жардам берчү кеңештер

Интернетте чынчыл жана сак болууга жардам берчү кеңештер

АКШдагы Relativity Software компаниясында DevOps инженери болуп эмгектенген кыргыз кызы Айдана Өмүрбаева интернетте чынчыл жана сак болууга жардам берчү кеңештер менен бөлүшөт.

  1. Акыл калчап, ойлонуңуз. Өзгөчө сизге түшүнүксүз тилдеги жазууларды бөлүшүүдөн сак болуңуз. Балким ал согуш жүрүп жаткан өлкөнүн урааны же элге кайрылуусу болушу мүмкүн. Кыйбас досуңуздун «бөлүшүп кой» деген суранычын аткарууга ашыкпаңыз. Өтүнүчтү аткарам деп жатып бир уюмдун колдоочусу же мүчөсү катары көрүнүп калбаңыз.
  2. Интернетте эч ким көрбөйт-билбейт деп иш кылбаңыз.
  3. Убакытты туура пайдаланыңыз. Жашооңуздун алтын мүнөттөрүн Интернетке уурдатпаңыз.
  4. Социалдык тармактан көрүп же окуган маалыматтардын баарына ишенбеңиз. Алардын чын-бышыгын билбей туруп бөлүшпөңүз.
  5. Сиздин маалыматыңызды сактап калбай турган Интернет браузерлерди колдонууга аракет кылыңыз. (Мисалы: Tor browser).
  6. Жеке коопсуздугуңуз үчүн телефонуңуздан GPS функция/сервисин өчүрүп коюңуз.
  7. Интернет булактары болгон телефон, социалдык тармак, тиркеме жана сайттардын жеке коопсуздугуңузга коркунуч келтирбей турганын, купуялуулукту сактай турганын кылдаттык менен текшерип чыгыңыз. Жеке маалыматыңызды сураган кызматтарды колдон келсе өчүрүп салган жакшы.
  8. Жаңы аккаунт ачарда же жеке маалыматыңызды Интернеттен бөлүшөрдө терең ойлонуп, IT-адистерден кеңеш сураңыз. (Мисалы, паспортуңуздун сүрөтүн СМС аркылуу жөнөтпөй, көчүрмө кылып алып барып берсеңиз болот).
  9. Компьютериңизге же телефонуңузга жаңы тиркеме жүктөп жатканда суроолорун кунт коюп окуп чыгып, анан жооп бериңиз.
  10. Ар бир тиркеменин күүлөмөсүнөн маалыматыңызды «ким көрө алат, ким көрө албайт» деп чыпкалап алыңыз.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>