Иракта Ашура күнү тыгында 30дан ашык адам каза болду

Иракта Ашура күнү тыгында 30дан ашык адам каза болду

Ирактын  Кербела шаарында Ашура күнү аза  күтүү  учурунда   мечиттин жанындагы тыгындан  30дан ашык киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары  жазды.

Окуядан  100 киши ар кандай жаракаттарды  алган, алардын ичинен 10 чактысынын абалы оор экендиги  айтылат. 

Тыгын зыяратчы чалынып жыгылгандан кийин башталган.

Жыл сайын Кербеллага эки миллионго жакын зыяратчылар келишет. Ашура күнүндө шиит мусулмандары Мухаммед пайгамбардын 680-жылы киши колдуу болгон небереси Имам Хуссейнди эскеришет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>