Исаков менен Табалдиевге издөө жарыяланды

Исаков менен Табалдиевге издөө жарыяланды

Мурдагы премьер Сапар Исаков менен УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Табалдиевге мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.

Бишкек шаардык милициясы «Сапат» билим берүү мекемесинин президентти Орхан Инандыга жана Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин тергеп бүттү.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтер жасалмаланып, бардык бланктар мыйзамды одоно бузуу менен толтурулган. Кыргызстандан башка аймакта жүргөн Түркиянын үч жараны жадагалса өлкөнүн чек арасына кирген да эмес, жетөө Кыргызстанга келип паспортторун алып кайра чыгып кеткен. Ал 10 түрк жараны андан мурда Түркияда террордук уюм катары таанылган FETO кыймылынын мүчөлөрүнүн тизмесине киргизилген.

«Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары документтерге кол коюп, аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процессин тездетүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген»,- деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө М. Пратовага, Т. Сарпашевге, Б.Табалдиевге, Ф.Ниязовго, А. Атамбевге, С.Исаковго, Д.Сатыбалдиевге, Э. Апиловго жана Г.Бердигуловага кылмышка шектелип жатканы туурасында билдирме жөнөтүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>