Иш таштаган маршруткалар: Депутат “Бири-бирибизге жардам берели” акциясын баштады  — видео

Иш таштаган маршруткалар: Депутат “Бири-бирибизге жардам берели” акциясын баштады  — видео

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Бири-бирибизге жардам берели” акциясын баштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жазды.   

Ал кечээ,18-январда шаардагы аялдамаларда элдер үйлөрүнө кете албай тизилип турганына күбө болгонун, буга байланыштуу бүгүн шаар тургундарынын үйлөрүнө жетүүсүнө жардам берүүнү чечкенин жазган.

«Мындай кырдаалда биз четте турбайбыз жана бүгүн мындай көрүнүштүн кайталанышына жол бербейбиз! Кайдыгер карабаган унаа ээлерин маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосуна байланыштуу “Бири-бирибизге жардам берели” аттуу акциябызга кошулууга чакырам. Акция демекчи, маңдайкы айнектеринде белгилери бар унаалар (кадимки маршруттук таксилердин номерлери көрсөтүлгөн) жарандарды жүргүнчү ташуучу кичи автобустардын каттамында бекер ташыйт. Акцияга катышууну каалагандар Asia Mall соода борборунун унаа токтотуучу жайына келе алышат. Керек болсо унаага май куюп беребиз», — дейт депутат.

Анын айтымында 204, 102, 128, 139 маршруттук каттамда адамдарды тейлөөнү көздөшүүдө. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>