Ишкер Ахрор Иминов: Балдар арасындагы оору мени ата катары абдан тынчсыздандырууда

Ишкер Ахрор Иминов: Балдар арасындагы оору мени ата катары абдан тынчсыздандырууда

Акыркы учурда балдар арасында оору жайылып жатканы мени ата катары тынчсыздандырууда. Бул тууралуу ишкер Ахрор Иминов «Фейсбук» баракчасына жазды.

Ал бардык ооруканаларды текшерип, алдын ала чара көрүү керектигин белгиледи.

«Мен катардагы ата катары бул маселе боюнча ачык айтышым керек. Азыр мени аябай тынчсыздандырат!

Бүгүн, биринчи вице-премьер-министр Артём Эдуардович Новиков балдардагы пневмония учурлары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Ал 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөө боюнча иш-чаралардын планы жоктугу үчүн тиешелүү органдардын ишин сынга алды.

Дурус! Коомдо коркуу сезими күч ала баштады. Чечимдер керек!

14-февралда үй-бүлөбүз менен Ош шаарына жакын жердеги көрүстөнгө барып, маркум атамдын бейитине куран окуп келдик. Көрүстөндүн кароолчусу мага акыркы мезгилде балдардын сөөгү көбүрөөк алынып келингенин айтты. Өлүмдүн себеби катары пневмония көрсөтүлөт. Акыркы жумада 20 балага чейин келди. Тез арада бардык ооруканаларды текшерип, алдын ала чара көрүшүбүз керек! Кылдат текшерүү керек!», — деп жазат ишкер.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>