Жанар Акаев криминалдын баш көтөргөнү боюнча билдирүүсүн саясат деп атаган өкмөткө жооп берди

Жанар Акаев криминалдын баш көтөргөнү боюнча билдирүүсүн саясат деп атаган өкмөткө жооп берди

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңеште «Ар кандай» маселелер саатында депутат Жанар Акаев «өкмөт башчы мага эмес, элге актансын» деген пикирин билдирди.

Акаев криминалдын баш көтөргөнү боюнча билдирүүсүн саясат деп атаган өкмөткө жооп берди.

«Кечээ мен ишкерлердин коопсуздугу, криминалдын күчөшү, Кыргызстандан чыгарылып кетип жаткан акчалар тууралуу айтсам, өкмөт башчы бул маселени саясатташтырбагыла деп жооп бериптир. Биз проблеманы мына ушул жерден айтып, козгоп турбасак болбойт. Биз оозубузду жыйгыча кечээ кечинде аэропорттон акча ташыган дагы бир ишкердин сөөгү өзүнүн машинесинин багажынан табылды.

Урматтуу өкмөт башчы, бул көйгөйлөрдү мага айтып, актанып-далидештин кереги жок. Бул менин же премьердин жеке маселеси эмес, жалпы жарандардын маселеси. Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды, анткени алар соттон акталып чыгып кетүүнү адат кылып алышкан»- деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйнында Жанар Акаев учурда Кыргызстанда криминал кадимкидей баш көтөргөнүн айтып, өкмөт ишкерлерди коргой албай калганын билдирген.

Акаевдин парламентте айткан сөзүнө өкмөт тарап жооп берип, бизнестин, инвестициялык климаттын кызыкчылыгы үчүн мындай кескин билдирүүлөрдү жасоодон жана маселени саясатташтыруудан этият болуу керектигин белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>