Исмаилова: бүтүрүүчүлөр ЖРТны карантинден кийин тапшырышат

Исмаилова: бүтүрүүчүлөр ЖРТны карантинден кийин тапшырышат

Быйылкы бүтүрүүчүлөр үчүн Жалпы республикалык тестирлөө аралыктан өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 29-апрелде брифингде билдирди.

Анын айтымында мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестрилөөнү карантинден кийин тапшырышат.

“Жалпы республикалык тестирлөөнү дистанциондук режимде өткөрүүүгө болбойт. Бүгүнкү күнгө карата окуучулардын 80 пайызы тестирлөөгө катталды. Ал карантин аяктагандан кийин кадимки тартипте өтөт. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги  ЖРТны тапшыруунун тартибин түзүп жатат. Жакынкы аралыкта министрлик бул боюнча толук маалымат берет”, — деген вице-премьер.

Ошондой эле ал окуучулар менен студенттер экзамендерди аралыктан тапшыра тургандыгын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>