Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинин расмий ачылыш аземи болду.

Элчиликтин ачылыш аземине Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Марина Серени, Италиянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспораларынын жетекчилери жана кыргызстандык студенттер катышты.

Анда Италиянын тышкы иштер министринин орун басары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана аны жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Жакынкы келечекте биз Бишкекте дипломатиялык өкүлчүлүктү ачууну, ошондой эле Кыргызстан менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү ниетиндебиз», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>