Күйөөсү менен уруша кеткен аял 5 айлык баласынын көзүн ашкана бычагы менен оюп салган

Күйөөсү менен уруша кеткен аял 5 айлык баласынын көзүн ашкана бычагы менен оюп салган

Хакасиянын Таштып айылынын тургуну 36 жаштагы аял күйөсү менен кызганычтын айынан уруша кетип, 5 айлык баласынын эки көзүн оюп салган. Бул тууралуу ИА REGNUM чет элдик маалымат булагы жазды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, 36 жаштагы аял психологиялык жактан жабыркап келет. Ал күйөөсү Абакан шаарына кеткен учурда үч баласын башка бөлмөгө камап коюп, 5 айлык ымыркайынын көзүн бычак менен оюп салган.

Күйөөсү үйүнө келип, кичинекей уулу көзүнөн айрылып калганын көрөт. Учурда ымыркай ооруканын жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми аял камакка алынып, «Адам өмүрүнө атайылап зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>