«Көөдөнү дагы сокур» Президенттин маалымат катчысы комментарийди ким жазганын айтты

«Көөдөнү дагы сокур» Президенттин маалымат катчысы комментарийди ким жазганын айтты

Президент Садыр Жапаровдун депутат Дастан Бекешев тууралуу жазган пикири интернет колдонуучуларынын талкуусуна түштү. Анда президент эл өкүлүнүн пикирине жазган комментарийи анын «Фейсбуктагы» расмий аккаунту менен жазылганын өлкө башчынын басма-сөз катчысы Галина Байтерек да тастыктады.

Галина Байтеректин айтуусунда, аталган аккаунт менен президент өзү отурбайт, ага убактысы да жок.

«Учурда буга Садыр Нургожоевичда жини келип жатат. Өлкө башчынын расмий аккаунту бирөөлөр тарабынан бузулган болушу мүмкүн деген ой болуп жатат. Ким жазганын тастыктап, коомчулукка туура маалымат берилет. Мындайды жазууга президент барбайт, ким жазса дагы жазасын алат», — деди ал.

Кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Конституциянын жаңы долбоору талкууланып, биринчи окууда кабыл алынган. Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы болгондордун бири депутат Дастан Бекешев болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>