Көчмөндөр оюну: Көк бөрү боюнча үчүнчү күндүн жыйынтыгы чыкты (фото)

Көчмөндөр оюну: Көк бөрү боюнча үчүнчү күндүн жыйынтыгы чыкты (фото)

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы  көк бөрү боюнча мелдештин үчүнчү күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Репортер агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.

Маалыматка караганда, 18-сентябрга 3 оюн белгиленген. Эрте менен Талас облусунун улакчылары Ош облусун 7:2 эсеби менен артта калтырды. Андан кийин Бишкектин командасы Жалал-Абад облусун 7:1 эсеби менен жеңип алды.

Учүнчү оюнда Чүй облусунун улакчылары Ош шаарын 18:1 эсеби менен жеңип алышты.

Белгилей кетсек, көк-бөрү  боюнча мелдешке  Кыргызстандын жети дубанынан 9 команда катышууда.

Командалар чүчүкулак аркылуу үч тайпага бөлүнгөн.

«А» тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;

«В» тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;

«С» тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары.

Автор: Дилде Шатанова, сүрөт: Максат Боромбаев

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>