Көчмөндөр оюну: “Манас-Ордо” комплексинде маданий иш-чаралар өтүп жатат (сүрөт)

Көчмөндөр оюну: “Манас-Ордо” комплексинде маданий иш-чаралар өтүп жатат (сүрөт)

Бүгүн Таластагы  “Манас-Ордо” комплексинде  Көчмөн маданиятын чагылдырган оюн-зоок иш-чаралары өтүп жатканын кабарчыбыз жеринен билдирди.

Анда көчмөн элинин маданияты менен кошо кыргыздардын каада салтын өлкөнүн ар бир облусу өзүнчө көргөзүүдө.

Мындан сырткары ар бир облус өкүлдөрү өздөрүнө тиешелүү кийим кече, тамак-аш жана чеберчилигин  тааныштырышкан.  Ошондой эле ыр-бийлер аткарылып, боз үйлөрдү тигүү, кайра чечүү боюнча сынактар уюштурулган. 

19-сентябрь күнү Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош облустары жана Бишкек Ош шаарларынын көргөзмөсү өтөт. “Манас-Ордо” комплексине жалпысынан 290 боз үй тигилген.

Автор: Максат Боромбаев

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>