Көчмөндөр оюну: Ош облусунун улакчылары жарым финалга чыкты

Көчмөндөр оюну: Ош облусунун улакчылары жарым финалга чыкты

Көчмөндөр оюнунун алкагында көк бөрү боюнча өтүп жаткан мелдеште Ош облусунун улакчылары Баткен облусун 3:2 эсеби менен жеңип жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Репортер агенттигин кабарчысы жеринен кабарлады.

Командалардын беттеши үчүнчү таймдын жыйынтыгы менен 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, кошумча берилген убакытта Оштун оюнчулары бир улак таштап жеңишке жетишкен.

Андан кийин Ош облусу Ысык-Көл облусунун улакчылары менен оюн өткөрүп, 3:2 эсеби менен артта калтырган.

Буга чейинки оюндардын жыйынтыгы менен Талас, Бишкек жана Чүй командалары түз эле жарым финалга чыккан.

Салморбек кызы Айтунук
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>