Көчмөндөр оюну: Таластын көк бөрүчүлөрү Ош курамасын жеңди

Көчмөндөр оюну: Таластын көк бөрүчүлөрү Ош курамасын жеңди

Көчмөндөр оюнунун алкагында көк бөрү боюнча өтүп жаткан мелдеште Талас облусунун улакчылары Ош облусун 7:2 эсеби менен жеңип алды. Бул тууралуу Репортер агенттигин кабарчысы жеринен кабарлады.

Талас облусунуну улакчылары биринчи жана экинчи таймда экиден улак, ал эми чүнчү таймда үч улак таштап, атаандаштарынын тай казанына жалпы 7 улак таштаган. Ош обулусунан экинчи жана үчүнчү таймда Манас Ниязов бирден улак таштаган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө 3 оюн белгиленген.

Алдыда Бишкек шаары менен Жалал-Абад жана Чүй облусу менен Ош шаарынын командалары беттеш өткөрөт.

Автор: Максат Боромбаев

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>