Көк-Арт дарыясына чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды

Көк-Арт дарыясына чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды

Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына чөгүп кеткен 13 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунда Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылындагы Көк-Арт дарыясына 2008-жылы туулган кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 14 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кыздын жансыз денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>