Көк бөрү: «Достук» командасы Президенттин кубогун утуп алды

Көк бөрү: «Достук» командасы Президенттин кубогун утуп алды

Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата бүгүн Чолпон-Ата шаарында өткөн  көк бөрү боюнча өлкө президентинин кубогун Оштун «Достук» командасы алды.

«Достук» оюнчулары финалда Таластын «Ынтымак» командасы менен беттешип, 3:2 эсеби менен жеңип алды.

Ал эми үчүнчү орунга Таластын “Кара-Буура” командасы Чүйдүн “Сары-Өзөн командасы ойноп, 8:1 эсебинде чүйлүктөр жеңишке ээ болушту.

Ал эми биринчи лигада ойногон командалардан Талас облусунун «Бакубат» командасы Чүйдүн «Ак-Суу» командасын 9:0 эсебинде утуп, жеңүүчү болду.

Үчүнчү орунга болсо «Алкан-Ата» командасы ээ болду.

Сүрөт архив 2017-ж.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>