Көк бөрү: Улуу Жеңиш күнүнө арналган турнир Таласта өтөт

Көк бөрү: Улуу Жеңиш күнүнө арналган турнир Таласта өтөт

Улуу Жеңиш майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынан кабарлашты.

Турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун «Райкан Алканов» атындагы ат майданында өтөт. 2 май күнү командалар чүчү-кулак кармашат.

Ал эми катышуучу командалар арыздарын 30-апрелге чейин Спорттун Улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына тапшыруулары керек.

Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү боюнча турнирди “Ынтымак” командасы уткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>