“Көк-Таш — Аксай — Тамдык” автожолунун курулушуна 606 миллион сом бөлүнгөн

“Көк-Таш — Аксай — Тамдык” автожолунун курулушуна 606 миллион сом бөлүнгөн

Баткен облусундагы “Көк-Таш — Аксай — Тамдык”  автожолунун курулушуна 606 миллион сом каражат бөлүнгөн.  Бул тууралуу “Акчабар” каржылык порталы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, жаңы салынып жаткан жодун узундугу 24, 5 чакырымды түзөт.

“Аталган жолдун 6,8 чакырымы  50 миллион  сомго салынаары каралган. Ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин каттамды салуу иштери бүткөрүлүп, андан кийин ушул жолдон чоң жүк ташуучу транспорт каражаттарынын каттоосуна уруксат берилери күтүлүүдө”, — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>