Көкбөрү: Президенттин кубогунун биринчи лигасында «Алкан-Ата» 3-орунду алды

Көкбөрү: Президенттин кубогунун биринчи лигасында «Алкан-Ата» 3-орунду алды

Көкбөрү боюнча президенттин кубогунда биринчи лигада 3-орунду “Алкан-Ата” командасы алды. Бүгүн, 30-августта үчүнчү орун үчүн болгон оюнда Таластын “Алкан-Ата” командасы Баткендин “Жаш-Күч” командасын 5:4 эсебинде жеңди.

Мелдеш Чолпо-Ата шаарындагы «Ак-Кула» ат майданында өтүп жатат. Алдыда жогорку лиганын “Сары-Өзөн” жана  “Кара-Буура” командалары коло медал үчүн күч сынашат. Ал эми 31-августта биринчи лиганын “Бакубат Талас” жана “Ак-Суу” командалары жана жогорку лиганын “Ынтымак” жана  “Достук” командалары биринич орун үчүн беттешет.  

26-августта башталган ат оюндары 31-августта жыйынтыкталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>