Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Кубатбек Бороновду сунуш кылды — видео

Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Кубатбек Бороновду сунуш кылды — видео

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Кубатбек Бороновду сунуштады. Бул тууралуу көпчүлүк коалициянын жыйынында расмий жарыяланды.

Көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов  парламент жаңы шайланып келгенде жаңы өкмөт шайланарын белгилеп, ага чейин өкмөттү анын ичинен билген киши катары жетектеп турушу керектигин билдирди. Ошондуктан көпчүлүк коалициядагы фракция жетекчилери биргелешип, Кубатбек Бороновду техникалык өкмөттүн башчылыгына сунуштап жатканын айтты.

Боронов өзүнүн талапкерлиги сунушталып жатканына ыраазычылык билдирип, программасы менен тааныштырды.

Ошондой эле мурдагы өкмөттүн пландарын улантарын кошумчалады.

Белгилейт кетсек, кечээ, 15-июнь күнү кечинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Ал радиожыштыктар чуусунан, ага байланыштуу тергөө иштеринен улам белгисиздик абал өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирерин билдирген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>