Кабулдагы жардыруудан 53 адам каза болду

Кабулдагы жардыруудан 53 адам каза болду

Кабулдун батышындагы мектепте орун алган жардыруудан 53 адам каза болуп, жүз элүүдөн ашыгы жараат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка таянсак, көз жумгандардын көпчүлүгү 11-15 жаштагы өспүрүмдөр. Жардыруу 8-май күнү кечинде болгон.

Tolo News агенттигинин маалыматына таянсак, алгач мекеменин жанында мина орнотулган унаа жарылган, андан соң эки ирет ракета менен аткылоо орун алган.

Мугалимдердин биринин айтымында, кол салуу окуучулар сабактан тараганда орун алган, каза болгондордун көпчүлүгү кыздар.

Ооган президенти Ашраф Гани кол салууга талибдерди айыптаган. Бирок талибдер окуяга тиешеси жок экенин айтып, алар да жардырууну айыптай турганын билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>