Качан “Тазалык” кызматкерлеринин өлүмү токтойт?

Качан “Тазалык” кызматкерлеринин өлүмү токтойт?

Кыштын эки айында борбор калаанын жолдорунда «Тазалык» ишканасынын үч кызматкерин унаа өлтүрө коюп кетти.

— Куватбек Акимов 1974-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Алты жыл «Тазалык» ишканасында иштеген.

Акимовду 12-декабрь күнү Жибек-Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде Чыгыш автобекетине жакын жерде 23 жаштагы айдоочу Mazda Atenza үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кеткен, тазалык кызматкери ошол жерден каза болгон. Анын артында жубайы, алты баласы менен калган. Балдардын улуусу 2005-жылы төрөлсө, кичүүсү үч гана жашта.

— Арадан 6 күн өтпөй, 17-декабрдан 18-декабрга караган түнү Масалиев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Шаршенбек Терекбаевди да унаа коюп кеткен. Ал 2019-жылдан бери «Тазалык» ишканасында иштеген. Анын үч баласы бар.

Терекбаев 1960-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган.

Такталбаган маалыматтарга караганда, айдоочу мас болгон. Мурда УКМКда иштеп, кырсык болгон учурда Тышкы иштер министрлигинин кызматкери болгон.

Ушул жылдын 4-январында таңкы саат сегиздер чамасында оң рулдуу унаа башкарган аял «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзгөн, ал ошол жерден мерт кеткен. Аял тазалык кызматкерин көрбөй калганын айткан. Бирок тазалык кызматкери чагылдыруучу элементтери бар атайын жилет кийип жүргөн. 

Сагынбек Коргонбаев 1987-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. «Тазалык» ишканасында 2021-жылдын апрелинен бери иштеген.

Бул үч окуядан кийин бишкектиктер мэриядан атайын техникаларды сатып алууну талап кыла башташты.

Мэр дагы атайын жол тазалоочу техникаларды сатып алууга тапшырма бергенин муниципалитеттен билдиришти.

Азырынча жолдорду дагы деле тазалык кызматкерлери жыйноодо. Таза жолдордо унаалар жүрүш үчүн мэрия элдин өмүрүн тобокелге салганы туурабы? Бул кимге керек?

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>