Кадамжайда адам уурдагандар кармалды

Кадамжайда адам уурдагандар кармалды

Кадамжайда адам уурдоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, март айынын башында Кадамжай РИИБине тургундардын бири 27 жаштагы уулун бир нече адам чакырып чыгып, белгисиз тарапка алып кетип калганын айтып, арыз менен кайрылган. 

Факты боюнча Жазык Кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголуп,  ыкчам-иликтөө иштери башталган. Анын жүрүшүндө адам уурулукка шектүүлөрдүн аты жөнү такталып, жашырынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

“Шектүүлөр Ош шаарынын Жапалак айылынын 21жаштагы Р.Т., Ош облусунун Өзгөн районунун 22 жаштагы А.Э., Ош шаарынын 32 жаштагы С.Ж. жана РФ аймагында каракчылык фактысы менен мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 22жаштагы Т.Р. аттуу тургундары. Алар Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен аныкталып кармалып келди”, — деп айтылат маалыматта.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>