Кадамжайда бир нече велосипед уурдаган адам кармалды

Кадамжайда бир нече велосипед уурдаган адам кармалды

Кадамжайда велосипеддерди уурдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айдаркен, Кадамжай шаарларында апрель айынын орто чендеринен бери подьезддерден, үйлөрдүн короолорунан велосипеддер уурдалып жүргөн. Кадамжай РИИБне жалпысынан 7 арыз келип катталган.

Уурулукка шектелип Айдаркен шаарынын 41 жаштагы М.Ж. аттуу жараны Кадамжай шаарынан кармалган.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы, ал эми уурдалган велосипеддер өз ээлерине кайтарылып берилгени айтылат.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>